ISM

ЭАЖММ

Байланыш

Билим беруу мекемелеринде сапатты башкаруу системасын киргизуунун актуалдуу маселелери

2024-жылдын 14-ноябрында “Билим беруу мекемелеринде сапатты башкаруу системасын киргизуунун актуалдуу маселелери” аттуу кереге кецеш өткөрүлдү. Иш-чарага Cert International, ISR Consult, КГМА, ОшМУ, КУУ, ЖАМУ, КЭАУ, ЭАММ, КРСУ жана КМТУ сыяктуу уюмдардын жана мекемелердин сапатты башкаруу жаатындагы алдыңкы адистери катышты.

Кереге кецеш профессионалдык коомчулук үчүн байланышуу аянтчасын түзүү, тажрыйба алмашуу жана сапатты башкаруу системаларында колдонулган заманбап стратегияларды, ыкмаларды жана технологияларды талкуулоо максатын көздөдү.

Талкууланган негизги темалар:

  • Билим берүү тармагын камтыган сапатты башкаруу системаларындагы тенденциялар;
  • ЖОЖдордогу СБСтин өзгөчөлүктөрү сырткы эксперттердин көз карашы менен;
  • Билим берүү мекемелеринде СБСти ишке ашыруунун өзгөчөлүктөрү;
  • Билим берүү мекемесинин башкаруу потенциалын жогорулатуу: башкаруучу курамдын
  • менеджмент жөндөмдөрүн өнүктүрүү стратегиясы;
  • ЖОЖдогу тобокелчиликтерди башкаруу – негизги принциптер жана ыкмалар;
  • СБСти ишке ашырууда жана иштөө процессинде стейкхолдерлердин ролу;
  • Билим сапатын баалоодо окутуу аналитикасын колдонуу тажрыйбасы;
  • ЖОЖдордун сапатты башкаруу адистеринин ассоциациясын түзүү перспективалары.

Эл аралык Жогорку Медицина Мектеби тарабынан кереге кецешинде сунушталган демилгелер:

  1. Ассоциация түзүү мүмкүнчүлүгүн кароо.
  2. Ниет меморандумуна кол коюу мүмкүнчүлүгүн кароо.